# КР Президентинин 2020-жылдын 28-майындагы ПЖ № 97 "Н.К.Каипова жана Б.О.Мажитов жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 28-майындагы ПЖ № 97 "Н.К.Каипова жана Б.О.Мажитов жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9267/edition/1008863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 28-майындагы ПЖ № 97 "Н.К.Каипова жана Б.О.Мажитов жөнүндө" токтому (28.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 28-майы ПЖ № 97

Н.К.Каипова жана Б.О.Мажитов жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Каипова Нурила Кочкоровна жана Мажитов Бакытбек Омурзакович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, алардын Жалал-Абад облусунун административдик сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 25-майынан тартып токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
