# КР Президентинин 2020-жылдын 22-апрелиндеги ПЖ № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 22-апрелиндеги ПЖ № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9261/edition/1130402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 22-апрелиндеги ПЖ № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430185

---

КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 63 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 22-апрели ПЖ № 73 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жободо:

3-пунктта: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - Президенттин Аппараты)" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Президенттин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү кайрылууну караганда Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосу үчүн документтердин пакетин түзөт."; 4-пунктта: экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- табигый кырсыктардан жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча маселелерди оперативдүү чечүүгө, ошондой эле кризистик кырдаалдарды болтурбоо боюнча алдын алуучу чаралар менен байланышкан иш-чараларды каржылоого;"; алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- тиешелүү мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тастыкталган документтери бар болгондо калктын оор турмуштук кырдаалга кабылган социалдык аялуу же абдан муктаж болгон катмарларына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;"; төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: "- бир эле учурда үч жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;

- шыктуу жана таланттуу балдарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
