Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 73 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы „Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 24 февраля 2022 года УП № 63 "Об утверждении Порядка использования средств Фонда Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 63 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 22-апрели ПЖ № 73 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жободо:
3-пунктта: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - Президенттин Аппараты)" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Президенттин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү кайрылууну караганда Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосу үчүн документтердин пакетин түзөт."; 4-пунктта: экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- табигый кырсыктардан жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча маселелерди оперативдүү чечүүгө, ошондой эле кризистик кырдаалдарды болтурбоо боюнча алдын алуучу чаралар менен байланышкан иш-чараларды каржылоого;"; алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- тиешелүү мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тастыкталган документтери бар болгондо калктын оор турмуштук кырдаалга кабылган социалдык аялуу же абдан муктаж болгон катмарларына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;"; төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: "- бир эле учурда үч жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- шыктуу жана таланттуу балдарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон