# КР Президентинин 2020-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгынын колдонулушун токтото туруу тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгынын колдонулушун токтото туруу тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9260/edition/1007165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгынын колдонулушун токтото туруу тууралуу" Жарлыгы (07.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430184

---

КР Президентинин 2020-жылдын 7-майындагы ПЖ № 82 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 5-апрели ПЖ № 64 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгынын колдонулушун токтото туруу тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөдө COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекция жуккан учурлар аныкталгандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым жерлерине өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катарында инфекциялык ооруулардын жайылышын болтурбоо максатында, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 16-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгынын колдонулушу токтотулуп турсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги N 33 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
