Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 64 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы „Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө“ Жарлыгынын колдонулушун токтото туруу тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 7 мая 2020 года УП № 82 "О возобновлении действия Указа Президента Кыргызской Республики "Об увольнении в запас из рядов Вооруженных Сил, других воинских формирований и государственных органов Кыргызской Республики, в которых законом предусмотрена военная служба, военнослужащих и служащих альтернативной службы, выслуживших установленные сроки срочной военной и альтернативной служб, а также об очередном призыве граждан на срочную военную и альтернативную службы в марте-мае 2020 года" от 18 февраля 2020 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-05-07.
КР Президентинин 2020-жылдын 7-майындагы ПЖ № 82 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 5-апрели ПЖ № 64 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгынын колдонулушун токтото туруу тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөдө COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекция жуккан учурлар аныкталгандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым жерлерине өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катарында инфекциялык ооруулардын жайылышын болтурбоо максатында, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 16-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгынын колдонулушу токтотулуп турсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги N 33 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- КР Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы ПЖ № 37 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 18.02.2020 · № 37 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2020-жылдын 7-майындагы ПЖ № 82 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик…Указ · 07.05.2020 · № 82 · Күчүн жоготкон