# КР Президентинин 2020-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 52 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2020-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 52 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9257/edition/1007146/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2020-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 52 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (10.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430181

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 10-марты ПЖ № 52 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Арзиев Марс Мусаевич; Джолбунов Нурбек Болотбекович; Джунушева Назгуль Турусбековна; Жолдошова Мээрим Адамжановна; Казаков Кеңешбек Осмонович; Сатимкулов Убайдулла Акилбекович; Суханбердиев Данияр Абдамитович; Таджибаева Тахмина Саматкановна; Шукуралиев Альгис Рыспекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
