# КР 2020-жылдын 14-апрелиндеги ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 14-апрелиндеги ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9243/edition/1125185/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 14-апрелиндеги ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430167

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 14-апрели ПЖ № 71 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 18-мартынан баштап 14-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын C0VID-19 коронавирустук инфекциясын (мындан ары - коронавирустук инфекциясы) жуктуруп алган 430 фактысы аныкталды. Кыргыз Республикасынын айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абалды киргизүү калктын коронавирустук инфекциясын массалык түрдө жуктуруусун болтурбоого жана анын жайылуу очокторун локалдаштырууга мүмкүндүк берди. Күн сайын ооруга чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгын, коңшу өлкөлөрдөгү түзүлгөн кырдаалды жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү адистердин талдоосун эске алып, Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штаб Кыргыз Республикасынын айрым шаарларында жана райондорунда мурда киргизилген өзгөчө абалды узартууну максатка ылайыктуу деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын андан аркы жайылышын болтурбоо максатында, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун жана алардын коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3 жана 4-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттагы "2020-жылдын 15-апрелине" деген сөздөр "2020-жылдын 30-апрелине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктгагы "2020-жылдын 15-апрелине" деген сөздөр '2020-жылдын 30-апрелине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-маргындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттагы "2020-жылдын 15-апрелине" деген сөздөр "2020-жылдын 30-апрелине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилсин.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
