# КР Президентинин 2019-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 165 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 165 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9234/edition/994396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 165 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы (02.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430155

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 2-декабры ПЖ № 165 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала карап чыгуу үчүн ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Салиев Алмамбет Абдимиталипович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы;

Тургунбеков Мирлан Эрмекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Шукурбеков Улугбек Абдималикович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

Мадмаров Азизбек Маматович

\-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич

\-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;

Сарымсаков Манас Болотович

\-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Мамбетов Алмаз Ишенбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Токтоболотов Самат Николаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 12-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-июлундагы № 91 Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
