# КР Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9225/edition/1087394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (08.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430146

---

КР Президентинин 2021-жылдын 8-майындагы ПЖ № 146 Жарлыгына ылайык КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 30-октябры ПЖ № 145 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүнө, 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы, 1-2-пункттарындагы "Ички аскерлери" жана "Ички аскерлерди" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Ички коопсуздуктун аскер кызматы" жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-ноябрында N 91 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
