# КР Президентинин 2019-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 179 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 179 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9212/edition/986794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 179 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (30.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430133

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 30-декабры ПЖ № 179 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Абжалбек кызы Зарина; Ажимуратов Болотбек Камилович; Арзиев Ачылбек Муракимович; Бекенов Туратбек Орозбаевич; Бекишов Эрлан Дуулатбекович; Болотбаев Мелис Жаныбекович; Дыйканов Нургазы Пиримбердиевич; Жаназаков Бакытбек Маасыдыкович; Жолдошалиев Расул Абдыракманович; Калыбеков Урмат Анварбекович; Мамбетов Элдияр Асантурович; Моютова Назгүл Аманбековна; Оболбеков Бактияр Аскарбекович; Салиев Канатбек Камчыбекович; Шаназаров Карабай Кожомбердиевич; Энкилбаева Эльнура Батырбаевна.

2. Орозалиев Алмазбек Касыевич курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
