# КР Президентинин 2019-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9200/edition/986084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (14.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430121

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 14-ноябры ПЖ № 155 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Жалал-Абад облусунун жана Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Баймуратова Күмүшай Шакировна; Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич; Бердимуратов Чынгызбек Муртазакулович; Жороев Эльдияр Жолборсбекович; Кангелдиев Калыйнур Ратбекович; Култаев Талантбек Какаевич; Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич; Маматалиев Таалайбек Ажибекович; Маматов Куштарбек Иссаевич; Нурбеков Алмаз Турусбекович; Ормушев Тилек Эмилбекович; Туражанова Жамиля Асадуллаевна; Уметалиева Чолпонай Маматовна; Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич; Эсенбаев Адылбек Маматибраимович.

2. Кадыркулова Алма Камчыбековна курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
