# КР Президентинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 127 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 127 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9182/edition/973822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 127 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (11.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430103

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 11-сентябры ПЖ № 127 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Абдырахманов Урматбек Аманович; Дубанаев Кубатбек Султанмуратович; Кулмурзаев Манасбек Каримович; Саадабаева Чынара Муратбековна; Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна; Самаков Нурмат Талантбекович; Тажибаев Нурбек Рашидович; Усакпаева Гульзат Каныбековна; Шаршеева Алтынай Чубаковна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
