# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 1-июлундагы № 260 " Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 1-июлундагы № 260 " Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 260
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1938/edition/492610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 1-июлундагы № 260 " Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө"жарлыгы (17.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4301

---

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 1-июлу ПЖ № 260 Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жаиа саламаттыкты сактоо кызматкерлерин социалдык жактан камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо менен аныкталган билим берүү (жогорку окуу жайынын кызматкерлеринен тышкары) жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 2005-жылдын 1-июлунан баштап 15 процентке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
