# КР Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы ПЖ № 103 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы ПЖ № 103 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430090>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9169/edition/1125157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430090.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы ПЖ № 103 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430090

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 8-августу ПЖ № 103 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 45 "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

Ш.У.Асымбеков, Т.Д.Абдраимов чыгарылсын;

Кылжыев Самат Аскербекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Намазалиев Алтынбек Абдисаламович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
