# КР Президентинин 2019-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9166/edition/1081919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430087.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (08.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430087

---

КР Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 293 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 21-июну ПЖ № 87 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы № 253 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамында:

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Сыдыков Аскар Куттубекович

\-

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору, Комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);";

он экинчи, он төртүнчү, жыйырма бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
