КР Президентинин ПЖ № 96 «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 24-июлу ПЖ № 96 Комуз күнү жөнүндө Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. Азыркы шарттарда комуздун жаңы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш. Кыргызстан элинин маданий интеграциясы коомдогу тынчтыктын, ынтымактын жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп калат. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл. Аталган багытта тиешелүү ишти жүргүзүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- 9-сентябрды Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Комуз күнү (мындан ары - Комуз күнү) деп белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрүүнү тапшыруу.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 30-июлундагы N 63 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасында Комуз күнүн белгилөө жөнүндө " токтомуПостановление · 10.01.2020 · № 3