# КР Президентинин 2019-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 30 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 30 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9121/edition/949017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 30 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (01.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430041

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 1-марты ПЖ № 30 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Бишкек шаардык сотунун, Жалал-Абад жана Баткен облустук сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Абдымомунова Джамиля Канатбековна; Абдыразаков Омурбек Анарбекович; Абдураимов Арзыбай Базарбаевич; Азимжанов Мадамин Низамидинович; Акбаров Шакирали Айтбаевич; Алимкулов Нургазы Халилович; Бекташов Суйунбек Исраилович; Ботоев Ильяс Кулубаевич.

2. Кожобекова Гульмира Турдумаматовна жана Токтосун уулу Каныбек курактык чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
