Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 41 «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 18-марты ПЖ № 41 Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешине, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешине, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешине, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2019-жылдын 19-майына, жекшембиге дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Баткен облусунун Баткен районунун, Нарын облусунун Жумгал районунун, Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Талас облусунун Кара-Буура районунун жана Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тиешелүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 19-мартындагы N 20 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 63 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 27.05.2019 · № 63
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 65 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан…Постановление · 27.05.2019 · № 65
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 66 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык…Постановление · 27.05.2019 · № 66
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 67 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек…Постановление · 27.05.2019 · № 67
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 68 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер…Постановление · 27.05.2019 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 25 "2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым айылдык…Постановление · 20.03.2019 · № 25
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 30 "2019-жылдын 19-майына дайындалган Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын…Постановление · 29.03.2019 · № 30
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 31 "2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас…Постановление · 29.03.2019 · № 31
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым…Постановление · 20.03.2019 · № 26
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 27 "2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас…Постановление · 20.03.2019 · № 27
- Н.Исанов атындагы кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы № 27-6 “Кошчан” шайлоо участкасын бөлүп,тизмесин тактоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2019 · № 27-6
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон