# КР Президентинин 2019-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 19 "Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 19 "Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9094/edition/940284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 19 "Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгы (02.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430014

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 2-февралы ПЖ № 19

Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө

Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын 2019-жылы майрамдоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин бир айлык мөөнөттө түзсүн, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин;

- иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн аталган планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берүүнү карасын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-февралындагы N 8 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
