Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 19 «Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 2-февралы ПЖ № 19
Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө
Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын 2019-жылы майрамдоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин бир айлык мөөнөттө түзсүн, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн аталган планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берүүнү карасын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-февралындагы N 8 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 116 "Бишкек шаарындагы аянтка Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин атын ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2019 · № 116
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы № 45-б "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды…Распоряжение · 06.03.2019 · № 45-р · Күчүн жоготкон