КР Президентинин ПЖ № 11 «Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2019-жылдын 23-январы ПЖ № 11 Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын региондору менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жарандарын консулдук тейлөө максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймагын камтыган консулдук округу менен Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу бир эле мезгилде бул аймактарды Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун консулдук округунан чыгаруу менен жана Екатеринбург шаарындагы аталган Башкы консулдуктун филиалын - Новосибирск шаарындагы Вице-консулдукту жабуу менен түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-январында N 5 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 165 токтомуПостановление · 16.04.2019 · № 165
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 165 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө"…Постановление · 16.04.2019 · № 165 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.