# КР Президентинин 2018-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 225 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 225 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 225
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/430004>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9086/edition/1125145/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/430004.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 225 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/430004

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2018-жылдын 6-ноябры ПЖ № 225 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн бекитүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, комиссиянын төрагасы;

Сманбаева Жылдыз Аскарбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Алтынбеков Айбек

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Молдобекова Гулкан Сакиновна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Назаров Айтмамат Кошоевич

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Шеримбекова Толгонай Кемелкановна

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун жетектөөчү адиси;

Абдраимов Алымбек Мекенович

\-

"Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Макашов Султан

\-

"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлөрүнүн улуттук бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын башкы директору - көркөм жетекчиси;

Шкурпела Константин Алексеевич

\-

"Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Нышанов Анарбай

\-

"Кыргызалтын" жабык акционердик коомунун 5-разряддагы зергер-монтировщиги (макулдашуу боюнча);

Шафир Леонид Александрович

\-

геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча).
