Кашка-Суу айылдык кеңешинин «Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө.»токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз XXIX сессиясы
2019-жылдын 19-июну № 5 Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы №235-токтомунун негизинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызматкерлеринин жылдык финансылык чыгымдарынын эсебин, класстык ченине иш стажына төлөнүүчү кошумчаларды материалдык чыгымдары боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомуна ылайык Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы тарабынан түзүлгөн эки тартиптүү келишимди бекитүү максатында Кашка-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун негизинде Аксы райондук салык кызматы менен Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, бюджет жана кредит маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Ө. Мамадалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн…Постановление · 30.05.2019 · № 235
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон