# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 254 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс) жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 254 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс) жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1935/edition/486032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 254 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс) жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4298

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 254

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс) жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы

№ 85 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс) жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Прези-

дентине караштуу тамак-аш азыктарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңештин (альянстын) курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баян- далсын;

- 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасы-

нын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс) жөнүндө Жобонун "Улуттук кеңештин курамы, иштөө регла- менти жана түзүмү" деген III бөлүктүн 11-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: "11. Улуттук кеңештин иши анын жумушчу орган - белгиленген тар- типте Улуттук кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице-премьер- министри тарабынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан камсыз кылынат. Улуттук кеңештин аткаруучу катчысы Улутту кеңештин жумушчу орга- нынын жетекчиси болуп саналат.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азык-

тарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңештин (альянс):

- бир айлык мөөнөттө Улуттук кеңештин (альянстын) алдындагы

жумушчу топтун жаңы курамын бекитсин;

- Улуттук кеңештин (альянстын) туруктуу жыйналыштарын уюштурууну

жана өткөрүүнү камсыз кылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүк- төлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Же-

текчиси өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев
