# К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы № 26/1 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылдын 31.12.2018-жылга чейинки мезгилдери үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы № 26/1 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылдын 31.12.2018-жылга чейинки мезгилдери үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/1
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/429668>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-60719/edition/988845/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы № 26/1 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылдын 31.12.2018-жылга чейинки мезгилдери үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" токтому (31.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/429668

---

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ VI чакырылышынын кезексиз XXVI отуруму 2019-жылдын 31-октябры № 26/1

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылдын 31.12.2018-жылга чейинки мезгилдери үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин кезектеги отуруму

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылдын 31.12.2018-жылга чейинки мезгилдери үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айрым кемчиликтерге жол бергендиги үчүн ФЭБнүн башчысы Ч.Пайзылдаевге, мындан ары социалдык фондго жана киреше салыктарын тийиштүү бюджеттерге чегерүү жагы Т.Кадыровго милдеттендирилип эскертүү берилсин.

1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы С.Жупуевге эсеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №231 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында да ишкерчилик субъектилеринде, коммерциялык эмес уюмдарда (бюджеттик мекемелерден сырткары) бухгалтердик учётту жана финансалык отчеттуулукту жүргүзүүнүн маселелери жөнүндө” эсеп учёт иштерин мыйзамга ылайык жүргүзүү жагы милдеттендирилип эскертүү берилсин.

2. Кетирген кемчилдиктер эскертилип жана төлөмдөр ордуна коюлгандыгы белгиленсин.

3. Мындан ары мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербөө жагы Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Пайзылдаевге жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.

Төрага

Н.Маташов
