Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы мекеме-ишканалардын кышка даярдыгы жана шаарды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардык штабдын маалыматы жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI чакырылышы) кезектеги 26-сессиясы
2019-жылдын 23-октябры №26/102 Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы мекеме-ишканалардын кышка даярдыгы жана шаарды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардык штабдын маалыматы жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2019-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы№38 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы мекеме ишканалардын кышка даярдыгы, социалдык объектилерди жана шаар калкын 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри, шаардык штабдын төрагасы А.Гапаровдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын калкын, шаардагы социалдык обьектилерди (саламаттыкты сактоо, билим берүү ж.б.) жана шаардагы мекеме-уюмдарды 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэрине (Э.Топчубаев) тапшырылсын:
шаар калкын 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилинде көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында жер жерлерде отун көмүр базаларын уюштуруу жагы; шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана мектептерге көмүр сактоочу жайларды курууну уюштуруу жагы; Кызыл-Кыя шаарындагы №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебине жана шаардагы №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесине жылуулук эсептегичтерди орнотуу жагы; Кызыл-Кыя шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборунун жылытуу системасын Кызыл-Кыя шаарындагы жылуулук электр борборунун түтүктөрүнө туташтыруу жана туташтырууга керектелүүчү акча каражатын мыйзам чегинде карап чечип берүү жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэрине (Э.Топчубаев), Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын башчысына (И.Жолдошовго) жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына сунушталсын.
3. Кызыл-Кыя шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабка (А.Гапаров) милдеттендирилсин:
шаар калкын, шаардагы социалдык обьектилерди (саламаттыкты сактоо, билим берүү ж.б.) жана шаардагы мекеме-уюмдарды 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо иштеринде орун алган кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча шашылыш чараларды көрүп, күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин кабыл алынган иш пландардын негизинде 2019-жылдын 1-ноябрына чейин толук аягына чыгаруу жагы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги №102-б сандуу буйругуна негиз, электр, жылуулук энергияларын керектөөнүн негизсиз өсүшүнө жол бербөө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 2019-жылдын 25-майындагы №208-б сандуу буйругу менен бекитилген шаардагы бюджеттик мекемелердин электр, жылуулук энергияларын пайдалануу боюнча лимиттерине көзөмөл жүргүзүү жагы; шаардын РЭТинин, жылуулук берүү мекемесинин жана “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын иштерин такай көзөмөлгө алып, шаардагы социалдык обөектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме-уюмдарды 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилинде электр, жылуулук энергиялары жана ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы.
4. Келечек ээлери болгон жаш муундардын ден соолуктарына кам көрүү жана сапаттуу билим алууларына шарт түзүү максатында, милдеттендирилсин:
Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине (Д.Матосмонова) 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаардын аймагындагы мектептердеги окуу кааналарында жана балдар бакчаларындагы бөлмөлөрдө, коридорлордо жылуулук нормаларынын сакталышын камсыз кылуу жагы; Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы жогорку, атайын орто жана кесиптик окуу жайларынын жетекчилерине негизги окуу корпустардын жана окуулар өткөрүлүүчү жардамчы корпустардын имараттарында санитардык нормалар менен бекитилген жылуулук нормаларынын сакталышын камсыз кылуу жагы. Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери З.Абдрахмановага шаардын аймагындагы жогорку, атайын орто жана кесиптик окуу жайларынын, мектептердин жана балдар бакчаларынын окуу тарбиялык иштерди жүргүзүп жаткан имараттарында жылуулук нормаларынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү жагы.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча жана Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 102-б (Бюджеттик уюмдардын өздүк керектөөлөрү үчүн 2019-жылга электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн жылдык…Распоряжение · 16.04.2019 · № 102-р
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.