2019 жылдын 22-ноябрындагы №1 «Кара-Балта шаарынын алдындагы МИ “Универсал” КТТны жыйноо жана чыгаруу тарифин бекитүү жана насыя берүүнү жылдыруу тууралуу»токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2019 жылдын 22-ноябры №1 Кара-Балта шаарынын алдындагы МИ “Универсал” КТТны жыйноо жана чыгаруу тарифин бекитүү жана насыя берүүнү жылдыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 28,31,36 беренесине ылайык Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы “Универсал” МИнин директору Н.И.Ладожинскаянын “Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жыйноо үчүн тарфти бекитүү жана атайын адистештирилген техниканы сатып алуу муктаждык тууралуу маалыматы” угулгандан кийин, Кара-Балта шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Балта шаарынын мэриясы Кара-Балта шаарынын алдындагы МИ “Универсалдагы” насыя берүүнү жылдырсын:
-1997,0 миң.сом 2222-бер.”Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды материалдарды алуу максатында”; -300,0 миң.сом 2213.бер “”Транспорт каражаттарынын ижарасы” -112.0 миң.сом 3112-бер “Машинелер жана жабдыктар”; жумуш жана тейлөө аталышындагы “Темир контейнерлерин сатып алуу”; -50,0 миң.сом 3111 бер “Машинелер жана жабдуулар”; жумуш жана тейлөө аталышындагы “Таштанды ташуучу ЗИЛ 130” төмөнкү чыгымдардын түрлөрүнө: -Сатып алуу же атайын чыгарылган лизинг жана коммуналдык техникасын сатып алууга; -Жаңы жыл майрамдарына даярдык көрүү жана тейлөөгө жана товарларды сатып алууга;
2. Кара-Балта шаар аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана чыгаруу боюнча тарифти бекитүү төмөнкү чен-өлчөмдө:
-калк-16сом; -бюджеттик уюмдардан -220,70 сом; -чарбалык субъектилер-250,30 сом;
3. Бул токтомду Чүй-Бишкек Юстиция Башкармалыгына Мамлекеттик укук ченем актыларынын реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк ишин жүргүзүү муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын вице-мэри Э.К.Орозбаковго жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагазына,ТДКга,ш.мэриясына, ш.мэриясынын алдындагы ”Универсал”МИге,
Шаардык кеңештин төрагасы:
А. Аалыев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон