Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун ПЖ № 246 «2005-жылы 17-июнда Бишкек шаарында болуп өткөн жапырт тартипсиздиктердин себебин аныктоо боюнча Мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 февраля 2020 года УП № 18 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-04.
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 18 3 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 21-июну ПЖ № 246
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
2005-жылы 17-июнда Бишкек шаарында болуп өткөн жапырт
тартипсиздиктердин себебин аныктоо боюнча Мамлекеттик
комиссия түзүү жөнүндө
2005-жылы 17-июнда Бишкек шаарында болуп өткөн жапырт тартипсиз-
диктерге алып келген себептерди, шарттарды жана жагдайларды ар тараптан
иликтөө жана өлкөдө кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чараларды
иштеп чыгуу максатында токтом кылам:
1. 2005-жылы 17-июнда Бишкек шаарында болуп өткөн жапырт тартип-
сиздиктердин себебин аныктоо боюнча Мамлекеттик комиссия (мындан ары -
Мамлекеттик комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Ниязов Мирослав - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин
Жумабекович катчысы, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү
Үсөнов Данияр - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-минист-
Токтогулович ринин милдетин аткаруучу;
Бекназаров Азимбек - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
Анаркулович
Салымбеков Аскар - Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу
Мааткабылович (макулдашуу боюнча);
Акматбаев Тынычбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Абдымаликович коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана ма-
алыматтык саясат боюнча комитетинин төрага-
сы (макулдашуу боюнча);
Конгантиев Камбаралы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ташполотович конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш,
мыйзамдуулук, сот-укуктук реформа жана адам
укуктары боюнча комитеттин төрагасы (макул-
дашуу боюнча);
Байсалов Эдил - "Демократия жана жарандык коом үчүн" коали-
ция" коомдук бирикмесинин президенти;
Абдраимов Туйгуналы - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефөрен-
Дүйшөналиевич дум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын
төрагасы (макулдашуу боюнча);
Акунов Бейшебек - Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү
Акунович (макулдашуу боюнча).
2. Мамлекеттик комиссия 2005-жылдын 5-июлуна чейинки мөөнөттө:
- жогоруда аталган окуяларга алып келген себептерди, шарттарды жа-
на жагдайларды ар тараптан иликтесин жана расмий корутунду берсин;
- Кыргыз Республикасында кырдаалды андан ары турукташтыруу жана
коомдо жарандык ынтымак-ырашкерликке жетишүү боюнча чараларды иштеп
чыксын жана кароого киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Коопсуздук кењешинин катчылыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.