# Орловка шаардык кеңешинин 2019-жылдын 7-июнундагы № 110/17-27 "Подгорное айылынын мечитинин жер тилкесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаардык кеңешинин 2019-жылдын 7-июнундагы № 110/17-27 "Подгорное айылынын мечитинин жер тилкесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 110/17-27
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4943/edition/985003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаардык кеңешинин 2019-жылдын 7-июнундагы № 110/17-27 "Подгорное айылынын мечитинин жер тилкесин бекитүү жөнүндө" токтому (07.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42943

---

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ Орловка шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII кезектеги сессиясы

2019-жылдын 7-июну № 110/17-27 Подгорное айылынын мечитинин жер тилкесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Жер Кодексинин 44 беренесине ылайык, 26.09.1997ж. № 168 “Подгорное айылынын мечитине имарат берүү жөнүндө” Орловка айыл Өкмөтүнүн башчысынын Токтомун эске алуу менен, ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармасынан Подгорное айылынын мечитинин ишенимдүү адамынын М.Т. Орузбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Подгорное айылынын Фабричная көчөсү н/ж жер тилкесинде жайгашкан мечитке жалпы аянты 870 чарчы метр жер тилкесин бекитүү Орловка шаарынын мэриясына тапшырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

Төрага

Д.С.Сарбаев
