# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 236 «Кыргыз Республикасында корпоративдик башкаруунун туруктуу системасын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 22-октябрындагы Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 236 «Кыргыз Республикасында корпоративдик башкаруунун туруктуу системасын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 22-октябрындагы Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 236
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1930/edition/288100/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 236 «Кыргыз Республикасында корпоративдик башкаруунун туруктуу системасын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 22-октябрындагы Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы (27.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4293

---

КР Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ №188

Жарлыгына ылайык күчүн жоготту

Бишкек шары Өкмөт Үйү

2005-дылдын14-июну ПЖ № 236

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН

ЖАРЛЫГЫ

«Кыргыз Республикасында корпоративдик башкаруунун туруктуу

системасын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин

1998-жылдын 22-октябрындагы Указына өзгөртүү жана толуктоо

киргизүү тууралу

Экономикалык реформаларды андан ары терењдетүү жана экономиканын

базалык тармактарында корпоративдик башкаруу системасын өнүктүрүү

максатында токтом кылам:

1. «Кыргыз Республикасында корпоративдик башкаруунун туруктуу

системасын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-

жылдын 22-октябрындагы № 323 Указына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо

киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- «Кыргызтелеком», «Улуттук электр тармагы», «Электр станциялары»,

«Карабалта тоо-кен комбинаты», «Кыргызалтын», «Кыргызнефтегаз»,

«Кыргызгаз», «Кыргызстан аба жолдору» УАТ, «Манас» эларалык

аэропорту», «Алтын Эйр» акционердик коомдорунун, «Кыргызалко»

акционердик корпорациясынын, «Кыргызгазмунайзат» МАКынын,

«Кыргызтамекиси» МАКынын, «Бишкек машина куруу заводу», «Учкун»,

«Түндүкэлектро», «Чыгышэлектро», «Ошэлектро», «Жалалабатэлектро»,

«Бишкек жылуулук тармактар ишканасы», «Т.Субанбердиев атындагы

Кыргызполиграфкомбинат» АКларынын, «Ишкерликти өнүктүрүү фонду»

микрокредиттик компаниясынын торагаларынын жана директорлор

кењештеринин жана башкармаларынын мүчөлөрүнүн талапкерликтерин

акционерлердин жалпы чогулушунда шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын

Президенти сунуш кылат;

- «Көмүр» МИнин, «Темир» МИнин, «Алкопром» МИнин, «Карабалта спирт

заводу» МИнин, «Каракол спирт заводу» МИнин, «Бишкек штамповка заводу»

МИнин, жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан

дайындалат.»;

- 3-пункттун үчүнчү абзацы «Учкун» акцнонердик коому» деген

сөздөрдөн кийин «Түндүкэлектро» АК, «Чыгышэлектро» АК, «Ошэлектро» АК,

«Жалалабатэлектро» АК «Бишкек жылуулук тармактар ишканасы» АК,

«Т.Субанбердиев атындагы Кыргызполиграфкомбинат» АК, «Ишкерликти

өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы» деген создөр менен

3. Бул Жарлык кол коюлган күпдон тартглп гсүчүне кппет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
