# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июнундагы ПЖ № 237 "2005-жылы 10-июлда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо калктын эрк билдиришинин эркиндигин камеыз кылуу женүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июнундагы ПЖ № 237 "2005-жылы 10-июлда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо калктын эрк билдиришинин эркиндигин камеыз кылуу женүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4292>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1929/edition/288099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4292.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июнундагы ПЖ № 237 "2005-жылы 10-июлда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо калктын эрк билдиришинин эркиндигин камеыз кылуу женүндө" жарлыгы (18.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4292

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 18-июну ПЖ №237

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН

ЖАРЛЫГЫ

2005-жылы 10-июлда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо

калктын эрк билдиришинин эркиндигин камеыз кылуу женүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясы коомдо жана мамлекеттик

бнйликте демократиялык түзулүштөрдун негизги. принциптеринин бири

катары мамлекеттик башчысын жана парламенттин депутаттарын эркин

шайлоону тааныйт, алар жашыруун добуш берүү менен жалпы бирдей шайлоо

укугунун негпзммде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасыиын жарандарынын

шайлоо укуктарына тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы бардык

шайлоо комиссияларынын, борбордук жана жергилйктуү мамлекеттик

органдардын жана алардын кызмат адамдарынын, жергиликтуу өзалдынча

башкаруу органдарынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши

жарандарды шайлоого катышуу же катышпоого мажбурлоо максатын-көздеө

менсн аларга таасмр көрсетүунун ар кандай түрлөрүн жокко. чыгарууга,

ошондой эле талапкерлердмн жаллы санынан тигил же бул талапкерди эркин

тандап алууга багытгалгандай кылып түзүлгөн.

Ошондой болсо да эгерде шайлоо процессинин бардык катышуумулары

талаптагыдай жигердүүлүк жана эрктүүлүктү көрсөтпөсө, мыйзам канчалык

жакшылап иштелип чыкпасын өзалдынча турганда анда каралган бардык

механизмдерди жана чаралардын колдонулушун камсыз кыла албайт. Алсак

2005-жылы февраль-мартта болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаттарын шайлоо демократиялык жогорку стандарттарга жооп

берген Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин, шайлоону

жүзөгө ашыруунун шарттарын, тартибин жана башка уюштуруу маселелерин

кылдат жөнгө салган мыйзамдык актылардын бар экендигине карабастан,

шайлоо укуктары администрациялык ресурстарды колдонуу жана шайлоо

комиссияларынын, укук коргоо органдарынын жана соттордун кызмат

аламдарынын жол бериши боюнча добуштарды сатып алуу жолу аркылуу

уятсыздык менен тебелеп-тепселиши мүмкун экендигин ынанымдуу

айгинеледи.

Калктын эрк билдиришинин эркиндиги жөнун демократиялык шайлоолордун

сөзсүз шарты болуп санала тургандыгын эске алуу менен, Кыргыз

Республикасынын Конституциясьнын 1-статьясынын 6-пунктун, 23-

статьясынын 3-пунктун, 38-статьясынын 1- жана 2-пункттарын, 42-

статьясын жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо

жөнүндө Кодекстин талаптарьна негизденүү менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмотү, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын башчылары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу

органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону

жана өткөрүү мезгилинде:

- Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодексте каралган Кыргыз

Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын жана

шайлоо блокторунун үгүт ишин эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүлн камсыз

кылсын;

- шайлоо өткөрүүдө үгүт иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик жана

мупиципалдык кызматчылардын катышуусуна жеке жоопкерчилик астында

катуу тыноу салынсын;

- коомдук Жана мамлекеттик мааниси бар мааракелерди жана башка

салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну сактоо зарылчылыгы

жөнүндө калк арасында кењири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- мамлекеттик Жана муниципалдык кызматчыларга алардын иштеген

жеринен тышкары иш-сапарларга чыгуусуна катуу чек коюлсун;

- үгут иштерин жүргүзүүгө мугалимдерди жана окуучуларды,

окутуучуларды жана студенттерди, социалдык камсыз кылуу органдарынын

кызматкерлерин, медициналык мекемелердин кызматкерлерин, калкты

тейлеген башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлерин,

ошондой эле муниципалдык кызматкерлерди тартуу фактысын жокко

чыгарсын;

- мамлекеттик жана муниципалдык- кызматкерлер тарабынан жарандарды

кабыл алууга катуу контролдук жана милдеттүү түрдө документтештирүү

белгиленсин.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары Кыргыз

Республикасынын жарандарынын тынчтык жол менен, куралсыз чогулууга

жана чогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана

пикеттерди откорүү укугун жонго салган чечемдик укук актылардын Кыргыз

Республикасынын Конституциясынын 16-статьясынын 14-пунктуна карама-

каршы келбеген болүгү гана колдонула тургандыгын эске алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясына шайлоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин өзү

билгендей чечмелөөгө жана шайлоочулардын арыздарына, даттанууларына

жана шайлоонун жүрүшүндө келип чыккан талаш кырдаалдарды жана укуктук

жањжалдарды кароодо далилдөөнүн булагы болуп саналган башка баштапкы

материалдарга баа берүүгө бир беткей мамиле кылууга жол бербөө боюнча

чараларды көрүү сунуш кылынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз

Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын

Улуттук коопсуздук кызматы менен бирдикте Кыргыз Республикасындагы

шайлоо жөнүндө Кодексти бузуушу же бузгандыгы жөнүндө жана добуштарды

сатып алуу фактылары жөнүндө шайлоочулардын арыздарына жана

даттанууларына шашылыш мамиле кылууну, ал эми андай фактылар табылган

учурда – мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүнү камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан шайлоону даярдоо жана

өткөрүү мезгилинде шайло процессинин катышуучуларынан келип түшкөн

бардык арыздарды жана даттанууларды өз убагында кароо боюнча чараларды

көрүү, ошондой эле шайлоо талаштарын кароодо сот тажрыйбасынын

биримдигин камсыз кылуу өтүнүлсүн.

6. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
