# КР Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июнундагы ПЖ №243 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июнундагы ПЖ №243 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1928/edition/288098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июнундагы ПЖ №243 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу жөнүндө" Жарлыгы (18.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4291

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2005-жылдын 18-июну, ПЖ №243

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын

аткарууну токтото туруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комисиясы тарабынан К.С.Бакиевдин Кыргыз Республикасынын

Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталгандыгына байланыштуу

жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин -28-статьясынын

талаптарын аткаруу иретинде токтом кылам:

1. Бакиев Курманбек Салиевичтин Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин кызматгык ыйгарым укуктарын аткарышы 2005-жылдын 20-

июнунан баштап Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү

күнүнү аяктаганга чейин токтотула турсун.

2 Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жектекчилик кылуу- Кыргыз

Республикасынын биринчи вице-премьер-министрлери жана вице-премьер-

мињистрлери өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-

жылдын. 7-июнундагы №218 буйругу менен белгиленген милдеттерди

бөлүштүрүүгө ылайык аткара тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматгык ыйгарым

укуктарын аткарууну убактылуу токтото турууга байланыштуу жана

К.С.Бакиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу

катары ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тейлөө режимин

өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн.

4. Ушул Жарлыктын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү белгиленген тартипте

жана мөөнөттө Кыргыз Рсспубликасынын шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча Борбордук комиссиясына жиберилсин.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
