Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун ПЖ№227 «Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык жана структуралык кайра түзүүлөр жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-10-15.
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 13-июну ПЖ № 227
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин
аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги "Кыргыз
Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан
институционалдык жана структуралык кайра түзүүлөр
жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизүү тууралу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүн-
дөгү", "Өлчөөлөрдүн биримдигин камсыз кылуу жөнүндөгү" Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу, техникалык жөнгө салуу өлчөөлөрдүн
биримдигин камсыз кылуу жагында мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргү-
зүү, техникалык жөнгө салуу жана өлчөөлөрдүн биримдигин камсыз кылуу
жагында институттук жана структуралык кайра түзүүлөрдү эларалык ченем-
дерге жана эрежелерге ылайык андан ары жүзөгө ашыруу максатында токтом
кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасында техникалык
жөнгө салуу жагынан институттук жана структуралык кайра түзүүлөр
жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункттун төртүнчү абзацындагы "стандартташтыруу, метрология
жана аккредитациялоо" деген сөздөр "стандартташтыруу жана метрология
жагындагы иштерди жүргүзүү боюнча Улуттук органдын" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
- 3-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз сыноо жана сертификациялоо борбору" мамлекеттик ишканасы
Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук институтуна
бириктирүү жана ага тийиштүү функциялары менен түзүмдүк бөлүмдөрдү тике
башкарууну өткөрүп берүү жолу менен кайра түзүлсүн;";
- 3-пункт төмөнкү мазмуундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен
толукталсын:
"- Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун институттук система-
сын аныктоо менен эларалык ченемдерге жана эрежелерге ылайык аккредита-
циялоо тартиби белгиленсин;
- үч айлык мөөнөттө өлчөөлөрдүн биримдигин камсыз кылуу боюнча иш-
ти мамлекеттик башкарууну уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алсын";
- 4-пункттагы "ишкерлик" деген сөздөн мурда "техникалык жөнгө са-
луу маселелери боюнча" деген сөздөр кошулсун;
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы
ПЖ № 462 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чеч-
син;
- өз чечимдерип ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Админнистрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кириши.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык жана…Указ · 30.04.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук инетитуту жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 30.11.2005 · № 546 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык жана…Указ · 30.04.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Об обеспечении единства измеренийЗакон · 02.04.1996 · № 7 · Күчүн жоготкон