# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 221 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 221 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 221
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1925/edition/556096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 221 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө" жарлыгы (16.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4288

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 559 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 6-июну ПЖ № 221 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамды мындан ары ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик тилди өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 Жарлыгынын 3-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамы жаңы тиркемеге ылайык бекитилсин;

- экинчи абзацы алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сарыгулов Дастан Исламович бекитилсин.

3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-сентябрындагы № 295 Жарлыгынын 2-пункту өз күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу

К.Бакиев

Кыргыз Рсспубликасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 6-июнундагы № 221 Жарлыгынын тиркемеси

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын

курамы

Сарыгулов Дастан Исламович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы; Жумагулов Ташбоо Рахманбердиевич - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орунбасары, Мамлекеттик тил фондунун деректири; Ибраимов Азимжан Жаманакович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, журналист; Ахматов Токтосун Керимбаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил таануу институтунун деректиринин кеңешчиси, терминологиялык комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору; Акматалиев Абдылдажан Амантурович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Манас таануу жана көркөм маданият" улуттук борборунун деректири, филология илимдеринин доктору, профессор; Андашев Дилдебек Бектурсунович - Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редакторунун биринчи орунбасары; Байсабаев Бектурсун Ашымович - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент; Баяс Турал - акын, коомдук ишмер; Василькова Галина Алексеевна - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент; Нур уулу Досбол - Кыргыз Ресиубликасынын Билим берүү министринин милдетин аткаруучу; Жакиев Бексултан Жакиевич - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу; Исаев Кусеин Исаевич - философия илимдеринин доктору, профессор; Исаков Исмаил Исакович - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин милдетин аткаруучу, генерал-майор; Касымбеков Төлөгөн Касымбекович - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу; Конкобаев Кадыралы Конкобаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил таануу институтунун деректири, филология илимдеринин кандидаты, доцент; Култаева Үмүт Баймуратовна - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору; Нурбекова Назира Үсөновна - Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы; Орузбаева Бүбүйна Өмүрзаковна - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун кеңешчиси, филология илимдеринин доктору, академик; Садыков Жалил Садыкович - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын, драматург; Сарымсаков Кенжалы Сарымсакович - журналист, коомдук ишмер; Сыдыкова Кален Султангазневна - жазуучу, коомдук ишмер.
