Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун ПЖ № 221 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 16 ноября 2006 года УП № 559 "О совершенствовании деятельности Национальной комиссии по государственному языку при Президенте Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-11-16.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 559 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 6-июну ПЖ № 221 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамды мындан ары ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик тилди өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 Жарлыгынын 3-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамы жаңы тиркемеге ылайык бекитилсин;
- экинчи абзацы алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сарыгулов Дастан Исламович бекитилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-сентябрындагы № 295 Жарлыгынын 2-пункту өз күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу
К.Бакиев
Кыргыз Рсспубликасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 6-июнундагы № 221 Жарлыгынын тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын
курамы
Сарыгулов Дастан Исламович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы; Жумагулов Ташбоо Рахманбердиевич - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орунбасары, Мамлекеттик тил фондунун деректири; Ибраимов Азимжан Жаманакович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, журналист; Ахматов Токтосун Керимбаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил таануу институтунун деректиринин кеңешчиси, терминологиялык комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору; Акматалиев Абдылдажан Амантурович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Манас таануу жана көркөм маданият" улуттук борборунун деректири, филология илимдеринин доктору, профессор; Андашев Дилдебек Бектурсунович - Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редакторунун биринчи орунбасары; Байсабаев Бектурсун Ашымович - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент; Баяс Турал - акын, коомдук ишмер; Василькова Галина Алексеевна - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент; Нур уулу Досбол - Кыргыз Ресиубликасынын Билим берүү министринин милдетин аткаруучу; Жакиев Бексултан Жакиевич - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу; Исаев Кусеин Исаевич - философия илимдеринин доктору, профессор; Исаков Исмаил Исакович - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин милдетин аткаруучу, генерал-майор; Касымбеков Төлөгөн Касымбекович - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу; Конкобаев Кадыралы Конкобаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил таануу институтунун деректири, филология илимдеринин кандидаты, доцент; Култаева Үмүт Баймуратовна - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору; Нурбекова Назира Үсөновна - Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы; Орузбаева Бүбүйна Өмүрзаковна - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун кеңешчиси, филология илимдеринин доктору, академик; Садыков Жалил Садыкович - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын, драматург; Сарымсаков Кенжалы Сарымсакович - журналист, коомдук ишмер; Сыдыкова Кален Султангазневна - жазуучу, коомдук ишмер.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы ПЖ №21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.01.1998 · № 21 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-ноябрындагы №559 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишмердигин…Указ · 16.11.2006 · № 559 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 295 " Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине озгортуулорду киргизуу жонундогу" ЖарлыгыУказ · 08.09.2004 · № 295 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы ПЖ №21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.01.1998 · № 21 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-ноябрындагы №559 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишмердигин…Указ · 16.11.2006 · № 559 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 295 " Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине озгортуулорду киргизуу жонундогу" ЖарлыгыУказ · 08.09.2004 · № 295 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Указ Президента КР от 28 декабря 2000 года УП №364 " О мерах по дальнейшему совершенствованию управленческих структур государственных органов Кыргызской Республики"Указ · 28.12.2000 · № 364 · Күчүн жоготкон