# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 8-июнундагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 8-июнундагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1924/edition/1123843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 8-июнундагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4287

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 8-июну ПЖ № 223

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын судьяларынын жоопкерчилигин күчөтүү макса- тында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 26-февралында-

гы N 63 "Кыргыз Республикасынын судьяларына дем берүү жана жоопкерчили- гин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгы менен бекитилген Кыр- гыз Республикасынын судьяларынын тартип жоопкерчилиги жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 4-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен

толукталсын. "- төрага, анын орунбасары жана судьяларга карата Кыргыз Республи- касынын Президенти же ал ыйгарым укук берген орган;

- төрага, анын орунбасары жана судьяларга карата Кыргыз Республи-

касынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кењештин төрагасы."

- 15-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагаларын кызматтан бошотуу жөнүндө маселени козгоо тууралуу судьялардын тийиштүү квалификациялык коллегиясынын чечими ме- нен кабыл алынган сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине судьялардын квалификациялык коллегиясынын корутундусун тиркөө менен киргизилет.";

- төртүнчү абзац бешинчи абзац деп эсептелсин.

2. (КР Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгына

ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-декабрында-

гы N 414 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегия- сы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегиясы жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 10-пункттун экинчи абзацындагы "Сотунун" деген сөздөрдөн кийин "төрагасынын, анын орунбасарынын жана" деген сөздөр кошулсун; 11-пункттун экинчи абзацындагы "Сотунун" деген сөздөрдөн кийин "төрагасынын, анын орунбасарларынын жана" деген сөздөр кошулсун.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-декабрында-

гы N 440 "Кыргыз Рөспубликасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен беки- тилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридика- лык бөлүмү жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 9-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац

менен толукталсын: "- текшерүүнүн натыйжасы боюнча төрага, анын орунбасары жана судь- яларга карата тартип өндүрүшүн козгоого;"; он үчүнчү - он жетинчи абзацтар тийиштүү түрдө он төртүнчү - он сегизинчи абзацтар деп эсептелсин.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев
