# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 210 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 210 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4285>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1922/edition/288088/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 210 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" жарлыгы (12.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4285

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а.

2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгына

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 2-июну ПЖ № 210

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН

ЖАРЛЫГЫ

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана

жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу

структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын

28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралу

1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана

жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структураларын

андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 364 Указы менен бекитилген

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү

мамлекеттик администрацияларынын жана шаарларындагы жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдарынын аткаруу-тескөө органдарынын

жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги» деген 3-тиркемеге

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматында - төрттөн

ашпаган, анын экөө биринчи орунбасар, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын

биринчи орунбасары -Чегара аскерлеринин колбашчысы;».

- 2-пунктта алтынчы абзац алып салынсын;

- 4-пунктта «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы»

деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык

келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
