# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-июнунун №209 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-июнунун №209 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1921/edition/1123835/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-июнунун №209 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4284

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 2-июну ПЖ № 209

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 277 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр- гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 11-апрелиндеги № 144-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин финансы-чарбалык башкармасын түзүү жөнүндөгү", 2005-жылдын 19-апрелиндеги № 163-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин финансы-чарбалык башкармасын кайра атоо жөнүндөгү" токтомдо- рун эске алып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин көзкаранды- сыз жана натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошон- дой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ишин финансылык, мате- риалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну оптималдаштыруу макса- тында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ишин финансылык, мате-

риалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну оптималдаштыруу жана анын ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу боюнча тийиштүү кызматын түзүү жөнүндөгү сунушуна макулдук берилсин.

2. Ушул жылдын акырына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин жана анын Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башкача камсыз кылуу маселеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши- нин Эл өкүлдөр жыйыны, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тейлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын бөлүмдөрү жана автотранспорттук бирикмеси үчүн 2005-жылга республикалык бюджеттин алкагында бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы аныктал- сын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген

тартипте: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Иш башкармасына - матери- алдык-техникалык жана финансылык камсыз кылуу Кызматына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешин тейлеген Кыргыз Республика- сынын Президентинин Иш башкармасынын бөлүмдөрүнүн жана автотранспорт бирикмесинин кызматкерлеринин штаты; анын балансына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана анын аппаратынын иши үчүн пайдаланылган финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды жана башка мүлктү;

- төмөнкүлөрдү даярдасын жана сунуш киргизсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүү боюнча; мамлекеттик башчысынын ченемдик укук актыларын ушул Жарлыкка ыла- йык келтирүү боюнча. (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 15-июлун- дагы ПЖ № 277 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Жарлык келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселе-

лерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтрсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев
