# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-марты ПЖ № 86 "Кыргыз Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат жана Баткен областтары) боюнча Кыргьгз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-марты ПЖ № 86 "Кыргыз Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат жана Баткен областтары) боюнча Кыргьгз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1918/edition/288082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-марты ПЖ № 86 "Кыргыз Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат жана Баткен областтары) боюнча Кыргьгз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыгы (21.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4281

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун

2005-жылдын 21-апрелинин N 133 жарлыгына

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 24-марты

ПЖ № 86

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат жана Баткен

областтары) боюнча Кыргьгз Республикасынын Президентинин ыйгарым

укуктуу өкүлү жөнүндө

Жарандардын коопсуздугуна келтирилген коркунучту жоюу, Кыргыз

Республикасынын Ош, Жалалабат жана Баткен областтарында мыйзамдуулукту

жана уктк тартибин калыбына келтирүү максатында жана Кыргыз

Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын, 46-статьясынын 1-

пунктунун 10-пунктчасын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат жана Баткен

областары) боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу

үкүлүнүн убактылуу кызмат орду түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы Садиев

Калмурат Садиевич Кыргы Республикасынын түштүк региону (Ош, Жалалабат

жана Баткен областтары) боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин

ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - түштүк региону боюнча Кыргыз

Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү) болуп

дайындалсын.

3. Түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин

ыйгарым өкүлүнүн компетенциясына төмөнкү ыйгарым укуктар кире

тургандыгы белгиленсин:

- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу

органдарынын, анын ичинде укук коргоо жана сот органдарынын кадимкидей

иштеши үчүн шартты калыбына келтирүү;

- түштүк региондун калкы үчүн ар кандай түрдөгү кызмат көрсөтүү

жагында иштеген юридикалык жана жеке жактардын кадимкидей иштеши үчун

шартты калыбына келтирүү;

- түштүк региондун аймактарында жайгашкан мамлекеттик башкаруунун

бардык органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын,

укук коргоо органдарынын, аскердик бөлүктөрдүн жана аскердештирилген

тузүлуштөрдун кырдаалды турукташтыруу, мыйзамдуулукту жана укук

тартибин калыбына келтирүү боюнча ишин координациялоо;

- туштук ретиондун аймактарында жайгашкан мамлекеттик бийликтин

бардык органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, укук

коргоо. органдары, аскердик болүктөрдүн жана аскерлештирилген

түзүлүштөрдүн командирлери милдеттүү түрдо аткара турган чечимдерди

кабыл алуу жана көрсөтмолөрдү берүү;

-түштүк региондо кырдаалды турукташтыруу жана калктын жана

мамлекеттик башкаруу түзүмдорүнүн жашоо турмушун камсыз кылуу боюнча

чаралардын чегинде биринчи кезектеги милдеттерди чечүү үчүн борбордук

мамлекеттик башкаруу органдарына кайрылуу.

4. Түштук региону боюнча Кыргыз Республикасынын Презндентинин

ыйгарым укуктуу окулү өз функцияларын аткаруу учурундагы койгон

талаптары жана берген көрсөтмөлөру Ош, Жалалабат жана Баткен

областтарынын аймактарында жайгашкан мамлекеттик органдар жана

жергиликтүу өзалдынча башкаруу органдар, укук коргоо органдары,

аскердик бөлүктөрдүн жана аскерлештилген түзүлүштөрдүн командирлери

тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

5. Туштук региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин

ыйгарым укуктуу өкүлу түштүк регионунда кырдаалды турукташтыруу,

мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү, Кыргыз

Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мамлекеттик таламдарды

коргоо боюнча бардык зарыл чараларды корсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштан кучүнө кирет.

7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Акаев
