# Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин милдет аткаруучусунун 2005-жылдын 11-апрелинин №88 " Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин милдет аткаруучусунун 2005-жылдын 11-апрелинин №88 " Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1917/edition/1008880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин милдет аткаруучусунун 2005-жылдын 11-апрелинин №88 " Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" жарлыгы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4280

---

КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 18 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 11-апрели ПЖ # 88

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасында

коомдук-саясий кырдаалды андан ары

турукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу

боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү

жөнүндө

2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга алып келген себептерди, шарт-

тарды жана кырдаалды өлкөдө пайда болгон оорчулук очокторун басуу жана

кырдаалды андан ары турукташтыруу максатында ошондой эле Кыргыз Респуб-

ликасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чара-

ларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамына кошуу үчүн өз

өкүлдөрүн аныктаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, саясий

партиялардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын сунуштарын эске алуу менен

токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары ту-

рукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссия

(мындан ары - Мамлекеттик комиссия) тиркелген тиркемеге ылайык түзүл-

сүн.

2. Мамлекеттик комиссиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын

коопсуздук кењешинин катчысы Ниязов Мирослав Жумабекович дайындалсын.

3. Мамлекеттик комиссия 2005-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө:

- 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга алып келген себептерди, шар-

ттарды жана кырдаалды ар тараптан иликтесин жана расмий корутунду бер-

син;

- Кыргыз Республикасында кырдаалды андан ары турукташтыруу жана

коомдо жарандык ынтымак-ырашкерликке жетишүү боюнча чараларды иштеп

чыксын жана сунуш кылсын.

4. Мамлекеттик комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн ал

төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:

- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-

дарынын кызмат адамдарынан зарыл документтерди жана маалыматтарды сура-

тууга жана алууга;

- убактылуу жумушчу топторду түзүүгө жана өз ишине мамлекеттик

башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерле-

рин, жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууга;

- пайда болгон оорчулук очокторун басуу жана өлкөдө кырдаалды ту-

рукташтыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн аткаруу бий-

лик органдарына сунуш киргизүүгө.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик комиссиянын ишин ма-

териалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну жүзөгө ашырсын Комис-

сиянын мүчөлөрүнүн ишсапарларынын чыгымдары ишсаларга жиберген уюмдар-

дын эсебинен жүргүзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдеттерин аткаруучу К.Бакиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасында коомдук-саясий

кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чараларды

иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын

курамы

НИЯЗОВ Мирослав - Кыргыз Республикасынын коопсуздук кењешинин

Жумабекович катчысы, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

АБДЫЛДАЕВ Мыктыбек - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри-

Юсупович нин милдеттерин аткаруучу;

АЙТБАЕВ Таштемир - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук

Сыдыгалиевич кызматынын төрагасы;

АКУНОВ Бейшебек - Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлү;

Акунович

БАБАНОВ Өмүрбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Токтогулович депутаты;

БАЙСАЛОВ Эдил - "Демократия жана жарандык коом үчүн" Коали-

Жолдубаевич ция" коомдук бирикмесинин президенти;

БЕКНАЗАРОВ Азимбек - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун

Анаркулович милдеттерин аткаруучу;

ДИЛЬ Валерий - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын өкүлү;

Исидорович

ИСАБЕКОВ Кубанычбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Сатиндиевич депутаты;

ИСАЕВ Кусейин - "Улут Ордо" коомдук уюмдар Ассоциациясынын

өкүлү,

КАДЫРБЕКОВ Ишенбай - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премь-

Дүйшөнбиевич ер-министринин - Транспорт жана коммуника-

ция министринин милдеттерин аткаруучу;

НУР уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү министр-

инин милдеттерин аткаруучу;

ОРМОНОВ Улугбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Зулпукарович депутаты;

САДЫРБАЕВ Дооронбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаты;

СУЛТАНОВ Марат - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Абдразакович депутаты;

ТУРГУНАЛИЕВ Топчубек - Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлү.
