Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин милдет аткаруучусунун « Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 февраля 2020 года УП № 18 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-04.
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 18 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 11-апрели ПЖ # 88
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында
коомдук-саясий кырдаалды андан ары
турукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу
боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү
жөнүндө
2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга алып келген себептерди, шарт-
тарды жана кырдаалды өлкөдө пайда болгон оорчулук очокторун басуу жана
кырдаалды андан ары турукташтыруу максатында ошондой эле Кыргыз Респуб-
ликасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чара-
ларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамына кошуу үчүн өз
өкүлдөрүн аныктаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, саясий
партиялардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын сунуштарын эске алуу менен
токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары ту-
рукташтыруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссия
(мындан ары - Мамлекеттик комиссия) тиркелген тиркемеге ылайык түзүл-
сүн.
2. Мамлекеттик комиссиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын
коопсуздук кењешинин катчысы Ниязов Мирослав Жумабекович дайындалсын.
3. Мамлекеттик комиссия 2005-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө:
- 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга алып келген себептерди, шар-
ттарды жана кырдаалды ар тараптан иликтесин жана расмий корутунду бер-
син;
- Кыргыз Республикасында кырдаалды андан ары турукташтыруу жана
коомдо жарандык ынтымак-ырашкерликке жетишүү боюнча чараларды иштеп
чыксын жана сунуш кылсын.
4. Мамлекеттик комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн ал
төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-
дарынын кызмат адамдарынан зарыл документтерди жана маалыматтарды сура-
тууга жана алууга;
- убактылуу жумушчу топторду түзүүгө жана өз ишине мамлекеттик
башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерле-
рин, жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууга;
- пайда болгон оорчулук очокторун басуу жана өлкөдө кырдаалды ту-
рукташтыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн аткаруу бий-
лик органдарына сунуш киргизүүгө.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик комиссиянын ишин ма-
териалдык-техникалык жана башкача камсыз кылууну жүзөгө ашырсын Комис-
сиянын мүчөлөрүнүн ишсапарларынын чыгымдары ишсаларга жиберген уюмдар-
дын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президентинин милдеттерин аткаруучу К.Бакиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасында коомдук-саясий
кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн чараларды
иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын
курамы
НИЯЗОВ Мирослав - Кыргыз Республикасынын коопсуздук кењешинин
Жумабекович катчысы, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
АБДЫЛДАЕВ Мыктыбек - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри-
Юсупович нин милдеттерин аткаруучу;
АЙТБАЕВ Таштемир - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
Сыдыгалиевич кызматынын төрагасы;
АКУНОВ Бейшебек - Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлү;
Акунович
БАБАНОВ Өмүрбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Токтогулович депутаты;
БАЙСАЛОВ Эдил - "Демократия жана жарандык коом үчүн" Коали-
Жолдубаевич ция" коомдук бирикмесинин президенти;
БЕКНАЗАРОВ Азимбек - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун
Анаркулович милдеттерин аткаруучу;
ДИЛЬ Валерий - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын өкүлү;
Исидорович
ИСАБЕКОВ Кубанычбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Сатиндиевич депутаты;
ИСАЕВ Кусейин - "Улут Ордо" коомдук уюмдар Ассоциациясынын
өкүлү,
КАДЫРБЕКОВ Ишенбай - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премь-
Дүйшөнбиевич ер-министринин - Транспорт жана коммуника-
ция министринин милдеттерин аткаруучу;
НУР уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү министр-
инин милдеттерин аткаруучу;
ОРМОНОВ Улугбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Зулпукарович депутаты;
САДЫРБАЕВ Дооронбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутаты;
СУЛТАНОВ Марат - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Абдразакович депутаты;
ТУРГУНАЛИЕВ Топчубек - Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 18 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.02.2020 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги № 124 "Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу үчүн…Указ · 21.04.2005 · № 124 · Күчүн жоготкон