Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Савай айылдык кеңешинин «Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Савай айылдык Кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги III сессиясы
2019-жылдын 07-августы. № 2/8 Савай айыл өкмөтүнө караштуу ижара мөөнөтү бүткөн кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2019-жылдын 15-февралындагы №55 токтомдордун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобонун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтомунун редакциясынын ылайык ижарага берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жеринин суулу жери 1 гектарына жылына 5000 (беш миң) сомдон, кайракы жери 1000 ( миң) сомдон, шарттуу сугат жерлер жылына 3500 (үч миң беш жүз) сомдон ижарага берилсин. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери беш жылдан көп убакытка берилген жерлердин келишими жокко чыгарылып, башынан торука коюлсун жана беш жылдык мөөнөт менен берилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин айыл чарба, жер, жайыттар жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.Баимбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо…Постановление · 22.06.2007 · № 243
4 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.