# Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 24-майындагы ПЖ №187 ""Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жӨнүндӨ" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 24-майындагы ПЖ №187 ""Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жӨнүндӨ" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 187
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1911/edition/288069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 24-майындагы ПЖ №187 ""Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жӨнүндӨ" Жарлыгы (24.05.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4274

---

Бишкек шаары,Өкмөт Үйү

2005-жылдын 24-майы, ПЖ № 187

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ

"Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү

жөнүндө

Темиржол транспортун башкаруу системасын өркүндөтүү, анын ишин

координациялоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында темиржол

транспортунун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу максатында

токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар

министрлигине караштуу Кыргыз темиржол башкармасынын базасында

оперативдүү башкаруу укугуна негизделген «Кыргыз темиржолу» Улуттук

компаниясы» мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Жогоруда аталган ишкана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникациялар министрлигине караштуу Кыргыз темиржол башкармасынын

укук мурастоочусу деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:

- «Кыргыз темиржолу» Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын

Уставын иштеп чыксын жана бекитсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн. баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президеитинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
