# Т. Зулпуев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 9-декабрындагы №1 "Кара-Кой айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Т. Зулпуев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 9-декабрындагы №1 "Кара-Кой айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 09.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/427387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-60414/edition/1013426/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Т. Зулпуев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 9-декабрындагы №1 "Кара-Кой айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө" токтому (09.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/427387

---

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы

2019-жылдын 9-декабры №1 Кара-Кой айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө Ноокат районунун Кара Кой айылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25- июнундагы № 377 –токтомунун негизинде жана Кара–Кой айылынын тургундарынын суроо талаптарын канатандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексини 18- беренесин жетекчиликке алып Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кой айылы Кара Кой Калдай айылы деп аталсын.

2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кара -Кой Калдай айылындагы, Бодоев Абдилашимдин үйүнөн- Калдай мечитине чейин Кара -Кой көчөсү деп аталсын, Кара Кой мектебинин имаратынан, Турдубаев Ташбайдын үйүнө чейин Ак-Сай көчөсү деп аталсын, Аттокуров Жолдоштун үйүнөн-Орозов Темирбектин үйүнө чейин Чоку–Таш көчөсү деп аталсын, жана Аттокуров Акжолдун үйүнөн -Аттокуров Жаныбайдын үйүнө чейин Ак-Таш көчөсү деп аталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жерге жайгаштыруу транспорт курулуш, өнөр жай экология маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К. Мурзаматов
