# Айдаралиев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 34 "Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Айдаралиев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 34 "Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4895/edition/980970/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айдаралиев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 34 "Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтому (08.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42734

---

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

2019-жылдын 8-августу № 34 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө”

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды натыйжалуу пайдаланууну жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу учун республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилуучу трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө Жобонун” жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин 2019-жылдын 29-июлунун №95- буйругунун негизинде Айдаралиев айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишиминин тиркемесине ылайык бир штаттык бирдик бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Токтомушовго тапшырылсын.

Төрага

Ч. Айдаров
