# Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09- мартындагы № 35/8 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү Аюу-Тапан, Осоавиахим айылдарынын аянттарын аныктап-тактоо иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09- мартындагы № 35/8 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү Аюу-Тапан, Осоавиахим айылдарынын аянттарын аныктап-тактоо иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35/8
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/427331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-60359/edition/1013236/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09- мартындагы № 35/8 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү Аюу-Тапан, Осоавиахим айылдарынын аянттарын аныктап-тактоо иштери жөнүндө" токтому (09.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/427331

---

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXV заседаниясы

2020-жылдын 09- марты № 35/8 Жошолу айыл өкмөтүндөгү Аюу-Тапан, Осоавиахим айылдарынын аянттарын аныктап-тактоо иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1999-жылдын 02-июнундагы № 46 Мыйзамынын 1-главасынын 21-статьясындагы “Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын белгилөө жана өзгөртүү” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык

Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXV заседаниясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1999-жылдын 02-июнундагы № 46 Мыйзамынын 1-главасынын 21-статьясындагы “Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын белгилөө жана өзгөртүү” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык , Осоавиахим жана Аюу-Тапан айылдарынын чек арасы Осоавиахим айылына катталып турган көрүстөндүн башталышынан жолдун үстүндө жайгашкан Доорбеков Мамытбектин үйүнөн баштап Аюу-Тапан айылы деп аталсын.

2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянттарын чектеп берүү жагын Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, ал эми чектелип берилген жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагын Алай райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суроо боюнча иш кагаздарын даярдап берүүнү айыл өкмөттүн жер адиси Ж.Зикировго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча түзүлгөн комиссиясынын курамына жана айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага : З.Боронов.
