Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Бишкекский городской кенеша «О внесении изменений и дополнений в Регламент Бишкекского городского кенеша, утвержденный постановлением Бишкекского городского кенеша от 28 декабря 2012 года № 2»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-01-14.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2020-жылдын 14-январы № 128 Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1-пункттун о) кичипункту төмөнкү редакцияда берилсин: “о) шаардык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт;”; 1-пункт төмөнкү мазмундагы у), ф) кичи пункттар менен толукталсын: “у) шаардык кеңештин буйругу - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.
ф) шаардык кеңештин төрагасынын буйругу – бул шаардык кеңештин төрагасынын оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, ал тарабынан жекече төмөнкү формада кабыл алынат”;
3) 25-пункттун м) кичипункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“м) оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан буйрук формасында жекече кабыл алынат. Шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары, актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.”; 25-пункттун 19-абзацы алынып салынсын; 47-пункт төмөнкү мазмундагы з) кичи пункту менен толукталсын:
з) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, алардын иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн билүү максатында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды мониторинг жана баалоо жүргүзүшөт.
Ченемдик укуктук актыларды мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга карата комиссия көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн тартууга укуктуу.”; 48-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Ченемдик укуктук актыларды мониторинг жана баалоо жүргүзүү максатында комиссия Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүн жана кызматтарын тартууга укуктуу.”; 106-пункттун к) кичипункту төмөнкү редакцияда берилсин: “к) Бишкек шаарынын мэринин Бишкек шаарынын мэриясынын иши, шаардагы иштин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо жөнүндө отчетун угуу”;
8) 113-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“113. Шаардык кеңештин сессиясына депутаттын катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;
2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеге катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;
4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.".
Депутат төраганын атына сессияга катышуу мүмкүн эместиги тууралуу жазуу жүзүндө кат жөнөтөт”; 114-пункттагы “же депутаттык ыйгарым укуктарды алардан алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынат” деген сөздөр алынып салынсын; 114-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Шаардык кеңештин сессиясы депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен төмөнкү учурларда кабыл алат:
а) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;
б) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;
в) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугунда депутаттын мүчөлүгүнүн токтотулушу;
г) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;.
Чечим кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.”;
11) 133-пункттун 1-абзацы төмөнкү сөздөр менен толукталсын:
“Сессиянын күн тартибине тийиштүү туруктуу комиссиялар тарабынан каралбаган маселелер киргизилбейт”; 170-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: “Шаардык кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат. шаардык кеңештин токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана Бишкек шаарынын аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар ченемдик укуктук акты. Шаардык кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет”. шаардык кеңештин буйругу - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар уюштуруу-тескөө мүнөздөгү акт. Шаардык кеңештин буйругу актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.” оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан жекече буйрук формасында кабыл алынат. Шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.” 263-пункттун 2-абзацындагы “(жумущчу топторду)” деген сөздөр алынып салынсын. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы:
Ж.Б.Абиров.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
- Бишкек шаардык кеңештин Регламенти (Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтомуна тиркеме)Регламент · 28.12.2012 · № 2
Шилтеме берет (1)
- Бишкек шаардык кеңештинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2012 · № 2
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон