Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын «Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-01-14.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2020-жылдын 14-январы № 133 Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин акыркы токтомдорун инвентаризациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча, иштөө мөөнөттөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын өзгөргөндүгүн эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын: 2001-жылдын 6-июлундагы № 71 “Бишкек шаарында шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын иши жөнүндө”; 2001-жылдын 26-сентябрындагы № 39 “Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын иши жөнүндө”; 2002-жылдын 31-январындагы № 103 “Бишкек шаарында жаратылышты коргоо жана жер мыйзамдарынын бузуулары жөнүндө”; 2003-жылдын 19-мартындагы № 171 “Бишкек шаарынын Генералдык планын иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө”; 1996-жылдын 26-июлундагы № 60 “Шаардык администрациянын 1993-жылдын 11-мартындагы № 284 “ Бишкек шаарынын ишканалар жана уюмдар тарабынан курулган үйлөрдөгү турак аянттардын бөлүгүн күтүү тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 1995-жылдын 16-октябрындагы № 145 “Бишкек шаарынын ишканалары тарабынан курулган үйлөрдөгү турак аянттардын бөлүгүн күтүү тартиби жана коммуналдык чарбанын объекттерине каражат бөлүү жөнүндө” токтомунун укуктуулугу жөнүндө”; 2000-жылдын 8-ноябрындагы № 47 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 1998-жылдын 30-июнундагы № 119 “Бишкек шаарында жер пайдалануу үчүн төлөмдөрдү эсептөө жана алуу жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомду жокко чыгаруу жөнүндө”; 2001-жылдын 10-октябрындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 402 “Бишкек шаарындагы жер участокторго менчик укуктарды сатуу боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” токтомун ишке ашыруу жөнүндө”; 2002-жылдын 22-майындагы № 125 “2004-жылга чейин Бишкек шаарынын коммуналдык менчигин башкаруу концепциясы жөнүндө”; Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин президиумунун 2006-жылдын 04-майындагы № 17 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" № 189 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоору тууралу” токтому; Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 19-февралындагы № 422 “Мурда ижаралык пайдаланууга бөлүнгөн жер участокторду төлөп кайтарып алуу процессин стимулдаштыруу жөнүндө” токтому; Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 21-февралындагы № 426 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 7-декабрындагы № 147 “Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жерлеринен юридикалык жана жеке жактарга жер участогуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому; 2009-жылдын 4-февралындагы № 37 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги №170 “Бишкек шаарындагы жер участокторго менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; 2010-жылдын 3-декабрындагы № 200 “Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 36 “Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” токтому менен бекитилген “Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”; Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы № 226 “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтому.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ченемдик укуктук базаны жакшыртуу боюнча сунуш киргизсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы:
Ж.Б.Абиров.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (7)
- Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө (ЖОБО Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 226 токтомуна тиркеме )Положение · 17.05.2011 · № 226
- Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 21-февралындагы № 426 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 7-декабрындагы № 147 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн…Постановление · 21.02.2008 · № 426
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 9 апреля 2003 года № 170 "О порядке и условиях продажи прав собственности на земельные участки в г.Бишкек"Постановление · 09.04.2003 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 7 декабря 2005 года №147 "О порядке и условиях предоставления прав аренды на земельные участки юридическим и физическим…Постановление · 07.12.2005 · № 147 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 4 февраля 2009 года № 36 "О порядке и условиях предоставления прав аренды на земельные участки, находящиеся в муниципальной…Постановление · 04.02.2009 · № 36 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 9 июля 2003 года № 189 "О порядке предоставления земельных участков в срочное (временное) пользование на условиях аренды в городе…Постановление · 09.07.2003 · № 189 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 31 июля 2001 года №402 "О пилотном проекте по продаже прав собственности на земельные участки в городе Бишкек"Постановление · 31.07.2001 · № 402 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон