# Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы N318 "Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналары жана Кз зоналык коэффициентининмаанисин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы N318 "Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналары жана Кз зоналык коэффициентининмаанисин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/427210>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-60240/edition/1044536/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/427210.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы N318 "Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналары жана Кз зоналык коэффициентининмаанисин бекитүү жөнүндө" токтому (12.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/427210

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2013-жылдын 2-апрелиндеги N 14 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2012-жылдын 12-июну N 318 Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналары жана Кз зоналык коэффициентининмаанисин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясын жүзөгө ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын чектери тиркелген чиймеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме).

2. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жана Бишкек шаарындагы нарк зоналардын чектери бекитилсин (2-тиркеме).

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун жобосу 2012-жылдын 1-январынан тартып жер салыгы боюнча эсептерге таркатылаары белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.Л.Исмаиловго жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Токтосартовго) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык Кеңешинин Төрагасы:

А.Кайыпов.

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы N 318 токтомуна 2-тиркеме

Кз зоналык коэффициенттин мааниси жана Бишкек шаарындагы нарк зоналардын ЧЕКТЕРИ

|  | Зоналар | Чектердин жана нарк зоналардын баяндалып жазылышы |
| --- | --- | --- |
| 1,2 | I | Жибек-Жолу проспекти - Аламедин суусу М.Горький көчөсү - Тынчтык проспекти - Ала-Арча суусу |
| 1,2 | II | М.Горький көчөсү - Аламедин суусу - Ахунбаев көчөсү - М.Джунусалиев көчөсү - Т.Балтагулов көчөсү Ш.Руставели көчөсү, Ала-Арча суусу - Тынчтык проспекти |
| 1,2 | III | Л.Толстой көчөсү - Ала-Арча суусу Ш.Руставели көчөсү - Т.Балтагулов көчөсү - М.Джунусалиев көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү - Космическая көчөсү - Репин көчөсү |
| 1,2 | IV | Чоң Чүй Каналы (ЧЧК) - Ала-Арча суусу - Л.Толстой көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Джамгерчинов көчөсү - Мессароша көчөсү |
| 1,2 | V | ЧЧК Аламедин суусу - Жибек-Жолу проспекти - Ала-Арча суусу |
| 1,2 | VI | ЧЧК - Веселая көчөсү - буу түтүгү трассасы боюнча түштүк жакка Достоевский көчөсү ЧЧЧКнын Чыгыш айрылышы (ЧЧЧК) - Аламедин суусу |
| 1,2 | VII | Ахунбаев көчөсү - шаардын түштүк чегине чейин Аламедин суусу - "Кум-Шагыл" АКсынын аймагынын түштүк тарабынан транспорт кирүү жолу (мурдагы ЖБИ заводу) Семетей көчөсү - Садырбаев көчөсү |
| 1,125 | VIII | Л.Толстой көчөсү - Репин көчөсү - Космическая көчөсү Д.Садырбаев көчөсү Д.Садырбаев көчөсүнөн батышка "Арча-Бешик", "Нижний Орок" конушунун, түштүк-батыш көрүстөнүнүн аймагын кошо - Муромский көчөсүнүн уландысы Т.Фрунзе көчөсү |
| 0,8 | IX | ЧЧК - Мессароша көчөсү - Джамгерчинов көчөсү П.Лумумбы көчөсү |
| 1 | X | Түндүк айланма жолу - Элебесов көчөсүнүн түндүккө карай уландысы (мурдагы Баку көчөсү) чыгыш тарап боюнча жергиликтүү жол катары "Төмөнкү Ала-Арча" айылы Элебесов көчөсү - ЧЧК М.Ганди көчөсү |
| 1,2 | XI | ЧЧК - шар аккан суу - Чолпон-Ата көчөсү - ЧЧЧКнын чыгыш жакка Достоевский көчөсү - Достоевский көчөсү - Веселая көчөсү |
| 1,2 | XII | ЧЧК - "Учкун" кичирайонунан батышка карай - ЧЧЧК - Чолпон-Ата көчөсү боюнча шар аккан суу |
| 1,2 | XIII | ЧЧК- П.Лумумбы көчөсү Джамгырчинов көчөсү - Садыгалиев көчөсү - "Ала-Тоо" конушунун аймагынан батышка карай темир жол линиясы |
| 1,2 | XIV | Түндүк айланма жолу - Курманжан Датка көчөсү - ЧЧК - Элебесов көчөсү Төмөнкү Ала-Арча айылынын чыгыш тарап боюнча жергиликтүү жолу катары Элебесов көчөсүнүн түндүккө карай уландысы |
| 0,8 | XV | Түндүк айланма жолу - "Бакай-Ата" конушунан батышка карай - ЧЧК - Курманжан Датка көчөсү |
| 1 | XVI | ЧЧЧК - "Көк-Жар" конушунан батышка карай - зонанын батыш чеги - Аламедин суусу боюнча |
| 1,2 | XVII | Семетей көчөсү - Иманалиев көчөсү - "Кум-Шагыл" АКсынын аймагынын түштүк тарабынан өтмөк жол Аламедин суусу - Орто-Алыш суу тосмосунун аймагынан түштүккө карай - Кожобергенов көчөсү боюнча батыш чеги |
| 1 | XVIII | Садыгалиев көчөсү менен кесилишине чейинки темир жол линиясы - Л.Толстой көчөсү Т.Фрунзе көчөсү - ЖЭБ-2 аймагынан батышка карай Муромск көчөсүнүн уландысы |
| 0,8 | XIX | Түндүк айланма жолу М.Ганди көчөсү - ЧЧК "Бишкексууканал" ОЭБсынын тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай |
| 0,6 | XX | Түндүк айланма жолдон түндүккө карай |

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси :

Э.Нурдавлетов.
