Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сакалды айылдык кеңешинин «Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ» токтому
САКАЛДЫ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 22-ноябры №4 Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ”,Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы №02-1/987 сандуу катына ылайык Ноокен аймактык шайлоо комитссиясынын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүү боюнча Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн эл жамаатарынын жалпы жыйналышынын протоколу бекитилсин.
2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине кѳрсѳтүлгѳн жарандар Э.Досбаеванын жана К.Эгембердиевдин талапкерлиги жактырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Н.Алымкуловага милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊештин төрагасы:
Д. Бекназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62